23-июлда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ыссык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

24-июлда ала булут каптап турат, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июлда эртен менен, күндүз жана 25-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас  облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Баткен, Ош облустарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына                   4-9 метрден, 24-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.