Жалал-Абад ШИИБнин кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөргө сууга түшүү эрежелерин эскертишип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн Жалал-Абад ШИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жайкы каникул мезгилинде өспүрүмдөр кайсы жерде эс алып жатканын көзөмөлдөө боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Анда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын алуу максатында жер-жерлерде барып сууга түшүү жайлары менен бассейиндерде сууга түшүп жүргөн өспүрүмдөргө сууга түшүү эрежелерин эскертишип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаары боюнча 5 бассейн жайгашкан. Ал эми шаар боюнча 37 миңден ашуун өспүрүм бар.
Жалал-Абад ШИИБи эскертет: Ар бир ата-эне балдарды кароосуз калтырбай, сууга түшүп жатканда көзөмөлсүз калтырбагыла!!!!