Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  20-июлда, Чүй облусунун Суусамыр жайлоосунда өткөн Кыргыз Республикасынын малчыларынын V республикалык чогулушуна катышты.

 

Чогулуштун алкагында Өкмөт башчы энчилүү сааттар менен төмөндөгүлөрдү сыйлады:

 

- Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагындагы “Аракет-Агро” дыйкан чарбасынын башчысы Таир уулу Акматалы;

- Кыргыз Републикасынын ветеринардык статуардык органынын тренер-консультанты Абдрасулов Абдугани Халмурзаевич.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш төмөндөгүлөргө жарыяланды:

 

- Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагындагы “Байэл” дыйкан чарбасынын башчысы, жайыт комитетинин төрагасы Данкеев Бахтыбек Эсенбаевич;

 

 - Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагындагы “Чабрец” дыйкан фермер чарбасынын башчысынын орун басары Болотова Гүлүмкан Асанбаевна.