Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 21-июлда, Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Ысык-Көл – 2018» V Эл аралык Экономикалык форумуна катышты.
Форумду ачып жатып Кубатбек Боронов белгилегендей, 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланып, ага ылайык экспорттук потенциалды колдоого,орто жана чакан ишкерликке, инвестицияларды тартууга, өлкөнүн аймактарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө зор көңүл бурулууда.
«Кыргызстан экономиканы өнүктүрүү мейкиндигин кеңейтүү үчүн бардык мүмкүндүктөргө жана потенциалга ээ. Биз атамекендик жана чет элдик бизнеске Евразия экономикалык биримдиги, Дүйнөлүк соода уюму жанабашка интеграцияланган бирикмелер боюнча өнөктөштөр менен биргеликте келечектүү рынокко жол ачып жатабыз», - деди ал.
Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, өлкө дүйнөнүн бардык тарабынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен экономикалык өз ара аракеттешүүгө жана байланыштарды түзүүгө ачык.
«Албетте, учурда мезгил өнүгүүнүн жаңы багыттарын жана тренддерин ачып жатат, алар аракеттешүүнүн кескин жаңы жана инновациялык жолдорун курууга күчтүү түрткү берет. Биз эл аралык экономикалык интеграциянын кайталанбас процесстерин, кыйла өнүккөн глобалдык логистиканы жана байланышсыз соода менен коммерциялык операциялардын өлкөлөр менен адамдардын ортосундагы чекти жана аралыкты жойгонжогорку технологиялык куралдарын байкап жатабыз», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.