Бишкекте  салмагы 6 килограммдан ашкан ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы №1-төрөт үйүндө 18-июль күнү саат 13:14тө салмагы 6 килограмм 230 грамм, бою 58 сантиметрге жеткен эркек чүрпө  жарык дүйнөгө келди. Дарыгерлер энеге операция жасашкан. Ымыркай ү-й-бүлөдөгү  бешинчи перзент экени айтылууда. Учурда эне-баланын абалы жакшы.