2018-жылдын 18-июль күнү саат 12:30дар чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылындагы «Жолдош-Ата» эс алуучу жайында 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кыз ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 

 

ӨКМнын маалыматына караганда, 18-июль күнү издөө иштери башталып жыйынтык чыккан эмес. 19-июль саат 06:00дө издөө иштери уланып, 10 куткаруучу, 5 милиция кызматкери, туугандары болуп жалпы 23 адам издөө иштерине тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 19-июль күнү саат 11:30дар чамасында 5 жашар кыздын жансыз денеси болжол менен өзү жоголгон жерден 500 метр ылдый тарапта куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.