"Ата Мекен" партиясы Россиянын Тула аймагындагы кыргыз айылын курабыз деп үй-жайынан ажыроо алдында турган кыргызстандык мигранттардын маселесине көңүл буруп коюну президент Сооронбай Жээнбековдон өтүндү. 

 

Партия президенттен Россиянын президентке Владимир Путинге жана премьер-министри Дмитрий Медведевке кайрылууну сунушташты. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти. 

 

Алар кыргыз мигранттарынын сатып алган жери менен курган турак-жайын сактап калуу керек деп белгилешет. 

 

 

Россиянын  Тула облусуна караштуу  Заокс районунундагы Клищино айылынан 2017-жылы 400дөй кыргыз жер сатып алышкан экен. Жер тилкесин «Сотый километр» агенттигинен алынган жана сатып алуучулардын  айрымдары турак-жай курууга үлгүрүшкөн.  Баары кыргыз улутундагылар болгону менен жарымы орус жарандыгын алышкан.  Бирок,  6-июлда аталган аймактын райондук кеңештин депутаттары башкы планга киргизилген өзгөртүүнү жокко чыгарышкан да, Клищино айылындагы жерлерди кайра айыл чарба категориясына которушкан.

 

"Ата Мекен" чечим үйлөр мурунку чечимдин негизинде курулуп калгандан кийин кабыл алганын белгилейт. Мындай чечим мигранттар үчүн күтүүсүз болгонун жана токтом жокко чыгарылса, кыргызстандыктар үй-жайынан ажырап калышы ыктымал экенин кабарлоодо.