Чүй облусуна караштуу Арашан айылында Албек Ибраимовдун 40ка чамалаш тарапташтары чогулушту.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Ибраимов кечээ, 19-июлда камакка алынган.
Чогулгандарга Аламүдүн районунун акими Алтынбек Намазалиев жолугуп, мыйзам чегинен чыкпай, тынчтыкты сактоону эскертти.
Комитет түзүү сунушун да аталган аким киргизди. Ал суро-талап, же арыз болсо кат жүзүндө берүү керектигин белгилеп, айыл аксакалдардын катышуусундагы коргоо комитетин түзүү сунуштады.
Анын сунушу менен 10 кишиден турган коргоо комитети түзүлүп, митингге чыгышпай тургандыктарын, бирок Ибраимовго карата адилетсиз чечим чыгарылса, мыйзам чегинде бардык аракеттерди көрүшө тургандыктарын билдиришти.