Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2018-жылдын 1-июлунан тартып Кытайга виза алуу жаңы онлайн-анкета толтуруу системасы аркылуу болот.
Ал үчүн Кытайга бара турган жарандар https://cova.cs.mfa.gov.cn/ сайтындагы онлайн-анкетаны толтуруп, күнү менен убактысын белгилеп алуусу керек.
Андан кийин кийин анкетаны кагазга чыгартып алышат. Ал эми толук маалымат алууну каалагандар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине кайрылуусу кажет.