КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда (ЦУКС) Бишкек жана Ош шаарларында жана Республиканын аймактык башкармалыктарын онлайн режиминде кошуу менен ӨКМ кызматкерлерине КР Өкмөтүн сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү.

 

Ак ниет эмгеги, табигый кырсык болгон учурда калкка жардам көрсөтүүгө, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюуга орчундуу салым кошкондугу үчүн, КРнын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:

 

КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаментинин  долбоордук сметалык документация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Шапавал Василий Маркович, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси Халмурзаева Бактыгул Мухтаровна, КРнын ӨКмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору Камалов Абдиталип Базарбаевич.

 

Ал эми, КРнын Премьер-министринин атынан төмөнкү кызматкерлерге алкыш жарыяланды:

 

КР ӨКМнин Республикалык  алдынча куткаруу отрядынын азык-тлк кампасынын башчысы, улук прапорщик – Токтоналиев Талантбек Адилжанович,

 

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №20 өрттөн куткаруу бөлүгүнүн өрттөн куткаруучусу, улук сержант – Металиев Батырбек Жапарович,

 

КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын күчтөрүнүн аракеттенүүсүн уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сатыбалдиева Асел Искендербековна,

 

КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директорунун орун басары – Алишеров Таалайбек Шерматович,

 

КР ӨКМнин “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борбору” мамлекеттик иш канасынын жетекчисинин орун басары – Молдалиев Мурадалы Каналбековичке,

 

КРнын ӨКМнин “Авиациялык ишкана” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары – Уразалиев Бекболот Абдухалиловичке,

 

КРнын ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Таластагы механизациялашкан базасынын жетекчиси – Турсункулов Эркин Асанкановичке,

 

КРнын ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №91 өрттөн куткаруу бөлүгүнүн өрт машинасынын айдоочусу – Акматов Нурлан Жеңишбековичке  КРнын Премьер-министринин атынан “Алкыш” баракчалары тапшырылды.

 

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов сыйлыктарды тапшырып, сыйлык ээлерине “....мындан ары да талбай эмгектенип,  албан-албан ийгиликтерди жаратып, өлкөбүздүн өсүп өнүгүшүнө салым кошуп, мындан дагы жогорку даражадагы сыйлыктарга ээ болушуңуздарды каалаймын”-деди Н.Мирзахмедов.