Экс-президент Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдун камалышы боюнча пикирин билдирди. 

 

Атамбаев: Ибраимовдун иши боюнча тергөөнүн калыстыгына ишенбейм
 


"Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун иштериндеги чындык бурмаланып,   мыйзам сакталбаганын көрүп  туруп, мен эми Албек Ибраимовго карата тергөө калыс болооруна ишенбейм. Албек Ибраимов “Дастан” ишканасына көп миллиондуу киреше алып келген. Мамлекетке  ал аркылуу  ишкананын тарыхындагы  алгачкы жолку дивиденд алып келген. Мына ушул  үчүн айыпталып жатат. Муну такыр түшүнүү мүмкүн эмес”, — деди Атамбаев. 

 

Экс-президенттин пикирин КСДПнын маалымат кызматы таратты.

 

Эске салсак,  УКМК тарабынан  Ибраимов буга чейин козголгон кылмыш ишиниен негизинде камакка алынды.