Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 18 июлда Тбилиси шаарында (Грузия) «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин (OGP) V Глобалдык саммитине катышты.
Иш-чарага дүйнөнүн 70 ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр катышты.
OGP Глобалдык саммитинин ачылышы алкагында Өкмөт башчы панелдик дискуссияга катышты.
Премьер-министр суроолорго жооп берүү учурунда белгилегендей, Кыргызстан «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды натыйжалуу ишке ашыруу, жарандык коомдун мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерге катышуусун кеңейтүү жана мамлекеттик органдардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы технологиялардынмүмкүндүктөрүн пайдалануу максатында кошулган.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишеним. Биримдик. Жаратмандык» Программасына ылайык, мамлекеттик тейлөөнү санариптик форматта көрсөтүү үчүн жарандарга электрондук тейлөө көрсөтүүнүнбирдиктүү платформасын түзүү сунушталууда. Белгилеп кетсем, мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматтакөрсөтүү алардын сапатын жакшыртууга, мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жаначыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк түзөт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Анын айтымында, Өкмөт тарабынан жарандык коом менен тыгыз байланышта мамлекеттик органдардынишинин ачык- айкындуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле панелдик талкуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстандын OGP кошулуусуменен артыкчылыктуу милдет катары Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу болуп саналат.
«Бүгүнкү күндө өлкөдө чоң талкуулар жүрүп, коомчулуктун катышуусунда консультациялар өткөрүлүүдө. Андансоң, эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу жана активдүү катышуусу аркылуу биз Улуттук иш-аракеттерпланынын ишке ашырууга өтөбүз», - деп белгиледи Өкмөт башчы.
Премьер-министр дагы бир ирет Кыргызстандын OGPтеги мүчөлүгү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо деңгээлине жагымдуу таасирин тийгизет деген ишенимин билдирди.