2018-жылдын 18-июль күнү  саат 12:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кара-Алма айыл ааймагынын Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында эс алып жүргөн 1987 - жылы туулган Ж. А (атасы) аттуу жаран өзүнүн кызы 2013-жылы туулган А. Х. аттуу кызды ойноп жаткан жеринен таппай калган.

 

Өз алдынча издешип натыйжа болбогондуктан, кечинде КР ӨКМне кайрылышкан. Издөө иштерине саат 20:40 чамасында КР ӨКМнин  №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүшкөн.

 

19-июль күнү саат 06:00дө,издөө иштерине кошумча КР ӨКМнин  №59 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМнен 5 кызматкер тартылып, туугандары кошулуп издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Издөө иштерине жалпы 23 адам тартылган. Кошумча маалымат берилет.