Будапешт шаарында Вена шаарында резиденциясы жайгашуу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Жусупов Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Жолт Чутора менен эки тараптуу күн тартибинин жана 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына Венгер делегациясынын катышуу маселелерин талкуулашты.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Венгер комиссиясынын Өкмөттөр аралык биринчи жыйынын 2018-жылы өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн жана аталган жыйындын алкагында Кыргыз-Венгер бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн дагы макулдашышты. Ошондой эле Венгриянын ЖОЖдорунда окууну каалаган Кыргыз жарандары үчүн квоталык орундарды көбөйтүүнү практикалык ишке ашыруу маселеси дагы көтөрүлдү. Ар тараптуу кызматташтыктын алкагында элчи Б. Жусупов венгер тарабына 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Туруктуу эмес мүчөлүккө Кыргызстандын талапкерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле элчи Б.Жусупов венгер дипломатына 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдыктардын жүрүшү тууралуу дагы маалымдады. Буга улай Венгриянын спорт жана маданий делегациясын аталган иш-чарага катышуу үчүн жиберүүнү өтүндү.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, Булак: “Майдан.kg” гезити