Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевдин колдоосу менен Лейлек районуна караштуу Максат айылынын 12 тургуну Ысык-Көл облусуна эс алууга узатылды.
Буга ылайык Баткен облусунун Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Максат айылы эң алыскы кыштак экендиги жана чек арада жайгашкандыгы катуу эске алынып, аталган айылда жашаган жергиликүү тургундарга моралдык колдоо көрсөтүү максатында 12 жергиликтүү тургун ден-соолугун чыңдоо жана эс алуу максатында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевдин өзүнүн резервдик фондунан жетиштүү каражат бөлүнүп берилди.
Мындан тышкары аталган айылдагы мектептин окуучулар тобу Лейлек районундагы “Алтын-Бешик” балдар лагерлеринде эс алып жатышат.
Булак: “Майдан.kg” гезити