Эски бийликтин өз элине көрсөткөн зомбулугун ашкерелеген көзү азиз активист, акын Темирлан Ормуков да азап чекпеди беле. А.Атамбаевдин жасоолдору анын аялуу абалына карабай кылмыш ишин козгогондо каршылык иретинде ичин лезвия менен тилип жиберсе да Бишкектеги №1-СИЗОго камалган болчу. Ал тургай акча үчүн ак адамды да каралап жиберүүдөн кайра тартпаган соттор өмүрү бир жерде иштеп, бир сом таппаган ушул Т.Ормуковго 50 миң сом айып салган эле. Канткен менен бийлик алмашканда эркиндикке чыгып, адилетсиз чечими үчүн Жогорку соттун үч судьясынын өзүнө кылмыш иши козголуп отурат. Эми Т.Ормуков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин пайдасына акча өндүрүү тууралуу буга чейин сот чыгарган чечимди аткаруу үчүн 50 миң сом чогултканын, аны экөөнө жибере турганын жарыялады. Эмнегедир бул оңой эмес акчаны жалаң тыйын чогулткан жана анын себебин мындайча түшүндүрдү: “- 2013-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин видеосун көрүп, ыр жазып койгом. Кийин Дастан Бекешев экөөбүз уруша кетип, ал менин ырымды көтөрүп барып "президенттин ар-намысын коргоп бергиле" деп Башкы прокуратурага арыз жазган. Башкы прокуратура үйүмдү камакка алып, жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоду. Ага кошумча Бекешев мени сотко берип, жыйынтыгында Биринчи май райондук сотунун судьясы Мидин Жолдошалиев менден 50 миң сом өндүрүү боюнча чечим чыгарган. Учурда ал чечим токтоп турат. Анткени шаардык сот кылмыш иши кайра каралып жатканына байланыштуу аны токтотуп койду. Ошого карабастан мен акчаны төлөйүн деп чечтим. Анткени, чатак башталган кезде эле "акыр-аягы булар өндүрүп алат" деген ойдо акча чогулта баштагам. Жүрөгүм ооруп ооруканага жатканда адвокаттарым, активисттер эсеп ачып, акча чогултуп беришкен. Мен дары-дармек алып, арткан акчаны тең экиге бөлүп, экөөнө берип коеюн деп чечтим”.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №26, 18.07.2018-ж.