Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө шектүү жаран күнөөсүн толук моюнуна албай жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин башчысы Жыпар Исакбаев маалымат жыйынында билдирди.
“Ал кызды ала качканын гана моюнуна алды. Калганын эстей албай жаткан имиш. Шектүү кызды уурдап качканын эстейт дагы, аны кантип өлтүргөнүн эстей албаганын айтууда. Андан улам ага психиатриялык экспертиза дайындалды. Жыйынтыгында, шектүүнүн акыл-эси ордунда деп табылды”, - деди Исакбаев.
Эске салсак, 20 жаштагы Бурулай Турдалиева Жайыл райондук милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ага ала качып бараткан жигит бычак сайган.