УКМК адвокат Нурбек Токтакуновдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Улуттук коопсуздук комитети Токтакунов курулай жалаа жаап жатат деп эсептейт.
Эске салсак, Сапар Исаковго жактоочулук кызмат көрсөтүп жаткан адвокат мурдагы премьер-министрге УКМК Токтакуновдун кызматынан баш тартуу талабын койгонун коомчулукка жарыялаган.
Ал эми УКМК бул билдирүүнү четке кагып, Исаковдун иши боюнча тергөө амалдары мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
“Калп каткырган сайын, ага ишенгендер көп болот деген сөз бар эмеспи. Нурбек Токтакуновдун арызын кезектеги арзан пиар ыкма деп баалоого болот”, - дейт УКМК.