Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда кыз ала качкан жаранга карата КР Кылмыш жаза кодексинин “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова билдирди.

 

Айтымында, болбой калган күйөөгө айып тагылды. Ошондой эле, анын кызды ала качууга көмөктөшкөн туугандары менен досторун да жоопкерчиликке тартуу зарыл.

 

 Белгилей кетсек, Бишкектеги медициналык окуу жайынын студенти ала качуунун курмандагы болгон. Кызды өзүмдүк кылууга шашкан болочок күйөө ага сексуалдык зомбулук көрсөткөн. Кыз шок абалына тушуккандыктан, көп убакыт ооруканада дарыланып, жакында гана үйүнө чыгарылды.