Кыргызстандык мигранттары беш айда 972, 3 миллион доллар акча которушкан. Бул тууралуу Улуттук банк маалымат таратты.
Анда айтылгандай, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 120 миллион долларга көп. Кайсы өлкөдөгү мигранттардан канча сумма келгенин эсептегенде, акча которуулар боюнча Россиядагы кыргызстандыктар алдыда турат. Алар 2018-жылдын беш айында өлкөгө 954, 4 миллион доллар которушкан. Андан кийинки орун АКШдагы мигранттарга таандык.