Ушул жылдын алты айында күйүүчү майга болгон баа 8,3 пайызга өстү.  Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, дизелдик күйүүчү май 12,5 пайызга кымбаттаган.

 

Аймактарга көз сала келгенде, Нарын облусундагы баалардын өсүшү 15 пайыз, Ысык-Көлдө 14,6 пайыз, Бишкекте 14,5 пайызга туура келет.   Ош облусунда болсо кымбаттоо 7 пайызды көрсөтүүдө.

 

Ал эми  Бишкек шаарында баалардын өсүшү 9,9 пайызга жеткен.