Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго  УКМК тарабынан басмырлоолор болуп жатканын адвокаты Нурбек Токтакунов жарыялады.

 

Айтымында, улуттук коопсуздук комитети   Исаковдон  анын кызматынан баш тартууну талап кылышкан.

 

“Жакында  УКМКнын  тергөө абагына барып, Исаковго жолуктум. Ал мага 13-июлда саат 11де УКМКнын тергөөчүсү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүнө алып барышканын айтты.  Тергөөчү иш бөлмөсүнөн чыгып кетип, УКМКнын Илим аттуу кызматкери Сапар Исаков менен жалгыз калып:  “Нурбек Токтакуновдун жактоочулук кызматынан баш тарт”, - деп көндүрүүгө аракет жасаган. Кызматкер эгер Исаков менин кызматымдан баш тартпаса,   “Викиликс” сайтында мурда жарык көргөн маалымат боюнча кылмыш иши козголоорун эскерткен”, - дейт Токтакунов.

 

Айтымында, Исаков кызматкердин талабын аткарууга каршы болгон. Мындан улам ал тергөөчүнүн басмырлоосуна кабылган.