«FIFA-2018» футбол боюнча чемпионатты өткөрүү маалында коопсуздук чараларын күчөтүү максатында Москвада жана башка шаарларда россиялык укук коргоо органдары коопсуздук деңгээлин жогорулатууга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүшкөн. Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.
2018-жылдын 27-июнь күнү Москвада полициянын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын 1993-жылы туулган О.Н. аттуу жаранын текшерүү учурунда ал Id-паспортун көрсөткөн. Бирок, документтин жасалмалуулугу полиция кызматкерлери тарабынан күмөн ойлорду жаратуунун кесепетинен салыштыруу эскпертизадан өткөрүү үчүн алынган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн тактоо боюнча кийинки иш-чаралар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн коштоосу менен жүргүзүлгөн. 2018-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Аксы району дарегинде катталган паспортту текшерүү учурунда жасалма болуп чыккан. Москва шаарынын Түштүк-чыгыш административдик округу боюнча ИИБдин Эксперттик-криминалисттик борборунун изилдөөсү жөнүндө тактамага ылайык, алынган документ копьютердин жардамы менен жасалгандыгы аныкталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча аталган жаран өзүнүн паспортун 2012-жылы май айында Жалал-Абад облусунан алган.
Жогорудагы аныкталган факты боюнча О.Н. аттуу жаранга карата Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (жасалма документти пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Азыркы учурда жасалма документтерди даярдоо менен алектенгендердин өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.