Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин башчысы Сталбек Рахманов маалымат жыйынында билдирди. 

 

Биринчи май райондук ИИБинин мушташып кеткен кызматкерлери кызматынан алынат. Алардын бири учурда Чүй облустук ооруканасында дарыланууда. 

 

"Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, эки кызматкерди тең жумуштан кетирүү чечими кабыл алынды. Жабырлануучу ооруканада дарыланууда. Саламаттыгы жакшы болуп, ооруканадан чыгарылаары менен кызматынан алынат", - деди Рахманов. 

 

Айтымында, жыл башынан бери ички иштер жаатында 18 адам кызматтан алынып, үч кызматкерге карата кылмыш иши козголду.