Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде “Делбирим” (“Кызыл жоолук жалжалым”) тасмасынын азыркы доорго ылайыкташкан жаңы варианты тартылып жатканын жар салган элек. Муну кыргыз-өзбек киночулары биргелешип ишке ашыра баштаганын кинонун Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова айтып берген.

 

Тасманын сценарийин “Көпөлөк” жана “Кокуй кошуна” тасмаларынын автору, жазуучу Керез Зарлыкова жазган. Башкы ролду эки тараптын тең беделдүү актерлору аткармакчы. Ильяздын ролун Өзбекстандын “Супер келинчек” тасмасында кыздын күйөөсүнүн образын жараткан Азиз Ражапов, Байтемирди “Фатима менен Зухра” киносу аркылуу таанымал Улугбек Кадыров аткарууда. Ал эми Аселдин ролунда Кыргыз драма театрынын актрисасы, буга чейин “Дарак ыры”, “Махабат”, “Кокуй кошуна”, “Таиланддагы каникул” (Казакстан) жана башка тасмаларда роль жараткан Мадина Талипбек тартылууда. Хадичанын образын “Курманжан датка”, “Саякбай” сыяктуу бир топ кинолордун жүзү болуп келген Элина Абай кызы жаратууда.

 

Буга байланыштуу соцтармактарда кызуу талкуу болуп, Элина Абай кызын сындап, “Аселдин ролун ойносо жарашмак” деп чыккандар болгон. Буга жооп кылып, актриса Instagram баракчасы аркылуу жооп узаткан: “Кадичанын ролу үчүн сүрөт жөнөтүүнү сурашканда аябай толкундандым. Себеби бул мен үчүн жаңы роль, жаңы нерсе! Чыдамсыздык менен жооп күтүп жаттым. Өзбек киносунун көркөм кеңеши мени бул орунга бекиткенде сүйүндүм. Мындан сырткары эмне үчүн Асел эмес? Анткени мен бир гана амплуада туруп калгым келбейт. Түрдүү нерселерди, кызыктуу образдарды жаратып, өскүм келет. Менин потенциалым толугу менен ачыла элек. Көп нерсени үйрөнүшүм керек. Иштешим керек. Бул тасмада роль жаратып жаткандар өздөрүнүн ордунда деп ишенем. Команданын мүчөсү болгонума кубанычтамын. Азыр ролум үчүн тынчсызданып жатам. Бардыгын экрандан көрүңүздөр”.

 

“Биздин «баатыр», духу күчтүү эркектер, келгиле жалган патриот болууну токтотолу. Кыргызстан менен Өзбекстандын биргеликте жасап жаткан алгачкы эмгегине кубаналы. Бул башталышы деп гана ойлойм. Мен эки элдин достугун колдойм жана мени колдогон жолдошума жана жакындарыма ыраазычылык билдирем”,- деп Элина Абай кызы жарма-патриотторго да токтоло кетти.

 

“Делбиримдин” жаңы варианты экранга жылдын аягында чыгат.

 

 

 

Арина Рысбаева, “Майдан. Kg” гезити