Кыл тымырчы, элдик дарыгер, онтогон оорууну диагнозду туура койгону, ноокасты жүрөгү менен дарылаганы менен жеңе билген, рактарды калпыс айыктырган, элдин алкоосуна татыган Күлүйпа Жумабекова менен бу жолу ашказан рагы, ашказан жарасы жана ичегинин узарып кетиши, анын пайда болуу себептери тууралуудору тууралуу баарлаштык.
- Күлүйпа эже, азыр ашказан жарасы жана ашказан рагынан жабыркаган адамдар көп. Ал дарт эмнеден улам пайда болот?
- Негизи ашказандагы жаранын жана ашказан шишигинин пайда болуу себептери көп. Ашказан нерв системалары менен туташ болот. Ошон үчүн кайгырып, санаркагандан да ашказанда жара пайда болот. Менин дарыгерлик тажрыйбамда стресске кабылып, ашказан дартына чалдыгып, ал ракка чаап кеткендерди көп эле кезиктирдим. Көптөр гастриттин деп этибар албай жүрө беришет. Дарыланбай жүрө бергендин кесепетинен ал дарт ашказан рагына чаап кетет.
Ошондой эле ачка болуп жүрө берип, ашказандын кырындылары кетип калгандан да ашказан дарты күч алат. Ошон үчүн ачка эч нерсе жебей жүрө бербей, суу болсо да ичип жүрүш керек. Анткени, адам баласы ачка жүрө бергенде ашказан куру иштей берип, кырындыларын жеп коёт. Ошондо гастрит пайда болуп, аны дарылатпай жүрө берсе, изиркенектеп, ашказан жарасына чаап кетет. Ага да маани бербей жүрө бергендин айынан ашказан рагы күч алат.
Ашказан дартынын өрчүп баратканын дагы бир себеби, туура эмес тамактануу. Көп адамдар бири-бирин сүйбөгөн тамактарды көп жешет. Ошонун айынан да ашказан дарты күч алат. Айтайын дегеним, ашказан жеген тамактын баарын аралаштырып жеп алсак, ошол бойдон сиңирет деп ойлойбуз. Чынында ашказан углеводду өзүнчө, белокту өзүнчө бөлүп алып анан сиңирет.
Ошон үчүн эртең мененкисин ашказанды ойготпой туруп тамакка тоюп албаш керек. Алгач тамактын алдында бир ууртам суу ичип, ашказанды ойготуп, мээге тамак келатат деген сигнал берип, анан тамак ичсе ашказан дартын алдын алат. Ашказан дарты таблетканы чайнагандан ээригип, бүтүн жутуп алгандан да пайда болот. Ошон үчүн ээрикпей дарыны кашыкка эзип алып ичиш керек.
- Ашказан дартына чалдыккандар кандай тамак ичиши керек?
- Ашказанды ооругандарга мен ак ичүүгө тыюу салам. Себеби, ак ичүү оорууну күч алдырып коёт. Айтайын дегеним, ооруган адам рак клеткаларын өстүрбөй турган тамактар менен тамактанса, оорунун кубаты кетип, жеңүүгө мүмкүнчүлүк болот. Кыскасы, ашказан дартына кабылгандар аз-аздан, кичинеден тамак ичиши керек. Ошондой эле эмнени болсо да ашказанга күч келбей турган кылып, майда чайнап жеш керек.
- Дартты аныктоо үчүн алынган биопсанын зыяны жокпу? Көптөр биопспя алгандан кийин оорум күчөп кетти дешет го...
- Медицинада ашказандагы залалдуу шишик же залалсыз шишик экенин аныкташ үчүн биопсия алышат. Алар туура диагноз коюш үчүн буга аргасыз болушат. Бирок, биопса алганда ашказан рагын өсүшүнө шарт түзүшкөнүн анча биле беришпейт. Айтайын дегеним, биопса алышканда анализ үчүн чымчып алынган жерде жара же шишик болсо, жарага перекисти куюп жиберген сыяктуу көбүрүп, жабырып күчөп, дарт өрчүп кетет.
- Акыркы мезгилде” ичегиси узарып кетиптир” дегендер пайда болду. Ичеги эмнеден узарып кетет?
- Ичегиге суук тийгенде же ичеги иштебей калганда, организмде бузулуу болгондо, гормондор бузулганда дагы ичеги узарып кетет. Ичегиге суук тийгенде ич катат. Дарылатпай жүрө берсе, күч алып кетет. Ичеги узарганда заңды чыгара албай калат. Андай мезгилде чыкпаган заң организмди уулай баштаганда арга жок ичегини кесишет. Анткени, ичеги узарганда тамак сиңирүү начарлап кетет.
- Желдин көп чыкканын зяны жокпу?
- Жел чыкканы ичеги иштеп жаткандан кабар берет. Адам баласы көп жел чыккандан эмес, кекиргенден коркуш керек. Анткени, ашказанда керти бар адам гана кекирет. Ошондой эле ашказан тамак сиңире албай жатканда же өт толуп калганда кекирет. Ошон үчүн көп кекирген адам дартын аныктатып, дарылануунун аракетин көрүш керек.
- Азыр “көзүмдү май басып кетиптир” деп май алдыргандар пайда боло баштады. Анын зыяны жокпу?
- Негизи көз менен кулак адамдын организминдеги өтө кырс мүчөлөр. Ошон үчүн темир менен чукуган болбойт. Кичине нерседен эле сезгенип калат. Ошондуктан бул органдарга аяр мамиле кылыш керек. Көз менен кулакка көрүнгөн дарыны куя берген болбойт. Кулак менен көздү ачкыч же башка нерсе менен чукуса сезгенип калат. Ал органдар чоочуп калса, нерв клеткалары жабыркап, рак клеткалары ойгонот. Ошон үчүн кандай дарт болбосун, сезгендирип алып, анан дарыласа оң жыйынтыгын берет. Сезгендирүү жаман дарттардын өрчүшүн алдын алат.
- Көздү эмне үчүн чел басып кетет?
- Анын себептери абдан көп. Көз адамдын күзгүсү. Көздөн көп органдарга диогноз койсоң болот. Айтайын дегеним, көздөн жоон ичегинин, боордун, өттүн жабыркашын билсең болот. Ошондой эле адамдын ысык, сууктап кеткенин да көздөн билсең болот.
Асылкан кызы Перизат
P.S. Күлүйпа Жумабековага кайрылып, дартын аныктатып, ден соолугумду чыңдайм дегендер болсо, 0772 83-37-27, 0556 75-75- 84,0707 85-69-40 номерине байланышса болот.
“Майдан. Kg” гезити