2018-жылдын 13-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында (Ивановка айылы) “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учураган. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгон.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Кырсык болгон жерге, саат 14:46да КР ӨКМнин Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, унаага кыпчылып калган маркумдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.