12-июль күнү Балыкчы шаарында, шаардык саламаттык сактоо мекемелери тарабынан башка мамлекеттик мекемелердин: мэрия, өзгөчө кырдаалдар, милиция, шаардык суу канал, тазалык ж.б. колдоосунда өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар пайда болгон учурда мекемелер аралык иштөө жана аны жоюу боюнча машыгуу иш-чарасы өткөрүлдү.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

 

Иш-чарага 60 га жакын  Республикалык ооруларды алдын алуу жана  санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан, Ысык-Көл облусунун бардык райондорунан жана Кочкор районунан  өкүлдөр катышты.

 

Бул машыгуу атайын иштелип чыккан “Бейтаптын оору козгоочу А-20 инфекциясын жуктуруп алуусу” легендасына ылайык өткөрүлдү.

 

Машыгууда бейтап кайрылган учурда үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, тез жардам кызматынын, санитардык-эпидемиологиялык кызматынын медициналык кызматкерлеринин иш-аракеттери жана шаардагы бардык мекемелер менен өз ара байланышы  көрсөтүлдү.