12 – июль күнү, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө “Фрунзе” аталышындагы жаңы  ФАП ачылды. Ачылыш аземине мамлекеттик, райондук администрациянын жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн бийлик жетекчилери менен тургундары катышышты.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

 

 

Аталган  ФАП  демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, 6 ай ичинде курулуп бүткөрүлгөн. Жалпысынан алганда курулушуна 1.миллион 200 миң сом жумшалган.

Буга чейин аталган айыл өкмөттѳ  ФАП катары турак-жайдын бир бөлүгү пайдаланылып келген.  Учурда жаңы ФАПта   тѳрт медициналык кызматкер эмгектенүүдө.