Чүй олбустук ИИБинен билдиришкендей, Сокулук районундагы базарда 10 жаштагы кызды зордуктаган жаранга издөө жарыяланды.
Маалыматка караганда, КР Кылмыш жаза кодексинин 130 ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук") - беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук психикалык- психиатриялык экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Кылмыш болгон жерге жакын жайгашкан бардык имараттардагы көзөмөл камералардын видеолору алынды. Анын негизинде шектүүнүн болжолдуу фотороботу түзүлдү.
Иликтөө иштерине ИИМдин жана Чүй облустук ИИБинин тажрыйбалуу адистери тартылды. ИИМ жетекчилиги кылмыш ишин көзөмөлүнө алды. Ал эми жабырланган кыз менен психологдор жана социалдык кызматкерлер иштешүүдө.
Эске салсак, ушул жумада Сокулук районундагы базарлардын бирине энеси менен барган 10 жаштагы кыз энеси дааратканага кирип чыккыча зөөкүрдүн курмандыгы болгон.