Төлгөсү төп келген Света айым менен президенттин иши жана камакка алынган саясатчылар, келечекте дагы кимдерге тузакка түшөөрү тууралуу сүйлөштүк.

 

“Президент камоону уланта берсе, эл көтөрүлөт”

 

- Акыркы мезгилде президенттин иши анча илгерилебей жатат. Иштемиш болуп жатканы менен ишинен жакшы жыйынтык чыгара албай жатат. Ага эл “актайт” деп күткөн саясатчылардын камакта калышы себеп болду. Айтайын дегеним, президент Садыр Жапаровду актап, Текебаевди чыгарып, элди колго алса, булар Соооронбай Шариповичке каршы чыкмак эмес. тескерисинче, анын ишинин илгерилешине шарт түзмөк. Ошондой эле Шадиевди, Илмияновду, Раим-миллионду качырып жибербесе, элдин ишеними жогоруламак.  Алардын качып кеткени президентке көлөккө түшүрдү. Президент терең ойлонуп Келдибеков, Ташиевди кызматка тартып, Жапаровду Текебаевди чыгарса - президентке оомат келет. Президент камоону уланта берсе, коррупция менен камак аркылуу күрөшөм десе, эл көтөрүлөт. Ошон үчүн камай бербей, камактан чыгаруунун да жолун ойлонушу керек.

 

Көчмөндөр оюну кризис алып келет”

 

- Баса, президент Көчмөндөр оюнун башка мамлекеттерге өткөрүүнүн жолун тапса болмок. Ошол оюн аркылуу бизге кризис келет. Оюн өзүн актабай калып, банктар жабылат. Ал тургай кырдаал кыйындап баштаганда инвесторлор Кыргызстандан чыга качат. Бирок, эки завод курулат. Президент ошондой өндүрүштү жолго салуунун аракетин көрүп, аргасы кеткенде чоң мамлекеттерге сүйлөшүүгө чыгат.

 

“Боронов да кылтакка илинет”

 

- Бороновдун иштейм деген аракети күч. Бирок, убакыттын өтүшү менен муну да ойлонто турган жагдайлар жаралат. Анткени, бут тосуулар пайда болуп жатат. Убакыттын өтүшү менен бул киши да кылтакка илинет. Бирок, бир жарым жыл иштейт.

 

“Сатыбалдиев биротоло камалат”

 

- Жантөрө Сатыбалдиев мен жеген жокмун, мага козголгон кылмыш иши негизсиз деп мойнуна алгысы келбей жатат. Бирок, күнөөсү далилденип, камалат. Камакка алынгандардын экөөсү чыгып, калганы камалат.

 

“Сариев кыжаалат болуп жатат”

 

- Сариев өзүнө ишенип, документтерин тактап жатат. Ал камакка алынбаганы менен бийликке келчү жолу жабылат. Кыскасы, ага таандык ишканалар мамлекетке өтүшү мүмкүн. Азыр кыжаалат болуп жатат.

 

“Артыкбаев акталат”

 

- Артыкбаев өзү курч. Сөзү өтүмдүү экен. Камакка алынып, ден-соолугу начарлаганы менен  акырындык менен акталып, камактан  чыгып кетет. Элге болгон мамилесин да оңдойт. Камак буга чоң сабак болот.

Икрамжан Илмиянов бийликке каршы чыккандарды каржылашы мүмкүн”

 

- Илмияновдун жолу ачык. Азыр камакка алынбайт. Анын үч мамлекетте акчасы бар. азырынча Кыргызстанга келем деген оюу жок. Азыркы бийликке каршы болгондорду каржылашы мүмкүн.

 

“Исаков чыгат”

 

- Сапар 8-9 ай камалат. Андан кийин акталат. Азыр ойлонуп, кыжаалат болуп турат.

Айбек Калиев баарын акча менен чечем деп турат. Бирок, анын мойнунда эки документ илинип турат.

 

“Төрөбаевге да кылмыш иши козголуп, камакка алуу аракети башталат”

 

- Бакыт Төрөбаевге да кылмыш иши козголуп, камакка алуу аракети башталат. Кудай тамак берип, 7 мазар басышы керек. Антпесе жолу жабылып, жогору жактын кысымына туш болушу ыктымал.

 

“Ата Мекен” менен КСДПдан дагы эки депутат камалат”

 

- Баса, жакынкы убакта “Ата Мекенден”, анан КСДПдан дагы эки депутат камалат.

“Ата Мекенден” башка мамлекеттин жараны деген Бахадыр Сулейманов жана КСДПдан дагы бир депутатка кылмыш иши козголот.

 

“Сегизбаевге кол салуу болушу мүмкүн”

 

- Абдил Сегизбаев акыры колго түшөт. Башкача айтканда көптөрдүн көксөөсүн суутуп камалат. Ал эки документ үчүн жооптуу болуп жатат. Сегизбаевдин камалганы эч нерсе эмес. Ага кол салуу  болушу мүмкүн.

 

“Өткүрбек тазаланбаса, жыл айланбай жаман атты болуп калат”

 

- Өткүрбек Жамшитов сак болбосо, жыл айланбай жаман атты болуп калышы мүмкүн. Азыр аны алсыратып, өз пайдасына иштетип алгысы келгендер кара дубаны ченебей жасатып жатышат. Аурасын, иштеген иш бөлмөсүн тазалатышы керек.

 

“Сарпашовго козголгон кылмыш иш бийликке жакындагыс кылат”

 

- Тайырбек Сарпашовго да көптүн бири катары мурдагы былык иштери боюнча кылмыш иши козголуш керек. Ал учурунда козголгон кылмыш ишти акчасы менен баскан экен. Эми аны жандантышат. Жыйынтыгында козголгон кылмыш иши аны бийликке жакындагыс кылат.

 

“Мискенбаев оозунан чалынган”

 

- Мискенбаев “оозунан чалынган” деген аян келип жатат. Анын каршылаштары каматууну көздөп жатат. Сооронбай Жээнбеков баарын камайм деп турат. Бирок, чактап камабаса камаган саясаты өзүнө муш болот. Анткени, күчтүү адамдарды камоо жакшылыкка алып келбейт. Президент коррупция менен күрөшүүнүн башка жолун тандашы керек.

 

“Жанар Акаев камалып калышы мүмкүн”

 

- Жанар Акаевге эки ийгилик жылмайганы менен сак болбосо, ага  тузак уюшулат. Ошол тузактын кесепети аны  кылмыш ишинин ачылышына түрткү болот. Ал тургай камалып да кетиши мүмкүн. Ошон үчүн жалындуу сөздөрдү сүйлөбөй алды-артын карап иш кылышы керек.

 

“Атамбаевге бир мамлекет колдоо көрсөтөт”

 

- Алмазбек Атамбаев ар кайсыны ойлонуп, кыжаалат болуп турат. Бирок, ага кайсы бир мамлекет колдоо көрсөтөт. Ал өзүнө болгон соккунну баарын жүрөгү менен кабыл алып жатат.

 

 

 

Аэлита Сатындиева

P.S. Света Тойгонбаеввага кайрылып, жолумду ачтырам, келечегимди билем, кара дубаны чечтирем дегендер болсо, 0709 217 859 номерине  байланышсаңар болот.