Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынып жаткан оорукана  ушул жылдын  сентябрь айында  пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат билдирди.

 

 

 

Элчинин маалыматына караганда, имараттын ачылышы  2-сентябрда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон иш сапары учуруна пландаштырылып жатат.

 

Аталган оорукананын курулушу 2016-жылдын июль айында башталган жана ал 150 кишиге ылайыкташкан.