11-июль күнү саат 15:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычына 2000-жылы туулган С. Б. чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат райондук №104 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн.
Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылдын 12-июль күнү саат 10:05те 18 жаштагы жигиттин жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.