Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде июнь айынын баш ченинде камакка алынган. Ал УКМКнын  тергөө абагында отурган болчу.

 

Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун билдиргенине караганда, Артыкбаевдин ден соолугу начарлап, мындан улам абактан ооруканага которулду. 

 

Айтымында, депутаттын жүрөгү кармаган. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин аритмия, астма деген диагноз коюлуп, кан басымы да  көтөрүлүп кеткенин билдиришкен. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, депутат Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды.