Экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев да Конгантиевге карата ачылган кылмыш ишинин токтотулганы боюнча пикирлерин билдирүү керек деп эсептейт саясатчы Азимбек Бекназаров.
Ал бул тууралуу маалымат жыйынында билдирди.
"Бир гана алар эмес, президент Сооронбай Жээнбеков да көз карашын коомчулукка билдирүүсү зарыл. Бул кылмыш ишинин токтотулганы 2010-жылда болгон Апрель революциясынын принциптерине карама каршы келип жатат. Журналисттер өлтүрүлдү, саясатчылар дайынсыз кетишти, андан башка да укканда чачты тик кылган канча фактылар болду, ошолордун баарын унуттукпу?" - деди Бекназаров.
Ошондой эле ал мурдагы башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевди мисалга тартып, Конгантиевге да анын жолун жолдоону сунуштады:
"Сатыбалдиев абакка отуруп, жазасын тартты. Эми ал башын бийик көтөрүп, айыбын актап бергенин айта алат", - деп кошумчалады саясатчы.