Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик эреже бузуулар боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун санкциясын карады. Экс-мэрдин адвокаты аны абактан чыгаруу боюнча арыз таштаган. Ал арызында Кулматовдун абакта кармалышы жөнсүз деп белгилеген. 

 

Кулматовдун адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, Биринчи май райондук соту мыйзамдын ачык-айкындуулугун бузган. Экс-мэрдин баш коргоо чарасын кароодо журналисттерди жана башкаларды залга киргизишкен эмес. Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ошондуктан, Жогорку соттон эки инстанциядагы соттордун чечимин өзгөртүүнү суранган. 

 

Бирок, прокурор каршы болуп, эки инстанциядагы соттордун чечимин күчүндө калтыруу керектигин белгиледи. 

 

Анын сунушун Жогорку сот кабыл алып, Кубанычбек Кулматовду тергөө амалдары аягына чыкканга чейин абакта кармоону туура тапты.