Бул маселени Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов бүгүн-2018-жылдын 9-июль күнү министрликтеги аппараттык кеңешмеде көтөрдү. “Баткен облусундагы жана Жалал-Абад облусундагы болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштери өз деңгээлинде уюштурулду. Бирок, кайра калыбына келтирүү иштери эмне себептен кечеңдеп жатат. Мисалы, Лейлек районунун Чимген айылындагы дамбаны калыбына келтирүү иштери эмне үчүн ушул мезгилге чейин баштала элек? Сөзсүз эле кимдир бирөөгө чара көрүлүшү керекпи?! Кырсык болгон ар бир участканы, ар бир айылды кайрадан карап чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жасай турганын жасашыбыз керек, жергиликтүү бийликке же башка министрликтерге тиешелүү жумуштар болсо, аларга аткартышыбыз керек. Элибиз күзүндө же келерки жазда кайра эле жабыркабагандай шарт түзүүбүз зарыл,- деди Нурболот Мирзахмедов.  КР ӨКМнин борбордук аппаратындагы башкармалыктар менен бөлүмдөрдүн башчыларына жана облустук башкармалыктардын башчыларына бул жагытта жумуштарды баштап, үч күндүн ичинде маалымат берүү тапшырмасын койду.