2018-жылдын 9-июль күнү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт: абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
9-10-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 4-июль күнү № 02-34/550, 6-июль күнү № 02-34/556 телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.