Жогорку Кеңеш депутаттарынын УКМКны президенттин көзөмөлүнөн алып чыгуу аракетинин артында эмне турат?

 

- Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?

 

 

- Депутаттар мындай аракети менен дагы бир коррупциялык схеманын жаралышына жол ачат деген ойдомун. Эгер ошол сунуш колдоо таап кетсе, УКМКнын ар бир кызматкерин  үркүтүп-коркутса эле чөнтөктөрүнө акча түшө баштайт. Мына сотторду шайлайбыз деп алып... эмне деген тарифке жеткиришти. Көз каранды, чечкинсиз сотторду көбойтүштү, аң сезимдерин бузушту. Андан көрө УКМКны коюп, биринчи элдин көйгөйлөрүн чечип беришсе болмок.

 

 

“Майдан.kg” гезити