7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта көз жарды.

 

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Төрөттү борт коштоочулар кабыл алган.

 

Капитан Ош аэропортуна кайтып келип, эне-бала "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилди. Алардын абалы жакшы экени айтылды. (КЕ)