Жогорку Кеңеш депутаттарынын УКМКны президенттин көзөмөлүнөн алып чыгуу аракетинин артында эмне турат?

 

- Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?

 

 

- Парламентте эл өкүлдөрү олтурат. Биз парламенттик мамлекет болгондон кийин эң негизги бийликтин күчү да парламентте болушу шарт. УКМКнын жоопкерчилиги ички жана тышкы коопсуздукта. Бирок, президенттерибиз аны өз кызыкчылыгына иштетип келгени белгилүү. Башкача айтканда, УКМКны саясий оппоненттерине каршы курал катары колдонууну адатка айлантып алышкан. Ошондуктан депутаттар көзөмөл кылышы абдан маанилүү. Өч алуу максатында канчалаган кылмыш иштери козголуп, улуу инсандар түрмөдө олтурат. Жогорку Кеңеш мамлекет үчүн оор учурда стратегиялык чечимдерди кабыл ала алат. Ал эми жашыруун маселелер боюнча өзүнчө мыйзам менен бекитилген жоболор бар, алар сөзсүз аткарылат. УКМКнын тырышып жатканы туура эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда туруш керек. Атайын кызматтын деңгээли түшүп кеткен.

 

 

“Майдан.kg” гезити