- Башкы прокурордун Жогорку соттун үч судьясына кылмыш ишин ачышы коомчулукта ар кандай бааланып жатат. Сиз бул окуяны кандай кабыл алдыңыз?
- Мен бул ишти абдан жакшы кабыл алдым. Себеби Кыргызстандын эгемендик тарыхында Баш прокурор Жогорку соттун үч судьясына биринчи жолу кылмыш ишин козгоп жатат. Болгондо дагы “адам укугу, анын эркиндиги сакталган жок” деген берене менен иш ачылды. Башкы прокуратуранын башкы милдети мыйзамдуулукту көзөмөлдөө. Менин оюмча башкы прокуратура Конституциядагы негизги ыйгарым укуктарын колдоно баштады. Экинчиден сот системасын реформа кылуу иштери башталдыбы деген ой жаралып жатат.
- Бирок, Темирлан Ормуков Жогорку соттун судьяларына каршы арыз жазбаганын, Башкы прокуратура өзүнүн мыйзамсыз иштерин жабыш үчүн ушундай жолго барганын айтып жатпайбы.
- Темирлан Ормуков муну кандай ой менен айтып жатат убакыт көрсөтөөр. Менин жеке пикиримде, Башкы прокуратура адам укуктарын, алардын эркиндигин эч кандай арызы жок эле коргош керек. Бул алардын милдети. Ошол эле учурда Ормуковдун айткандарынан мен жалаң эле Жогорку соттун судьялары эмес райондук соттун судьялары, прокуратуранын кызматкерлери дагы күнөөлүү деген ойду көрүп жатам. Эгер иш ушул бойдон уланса Башкы прокуратура же УКМК иш козгоп коюшу толук мүмкүн. Эң негизгиси бул процесстин башталганына кубанышыбыз керек.
- Бирок Жогорку соттун судьяларын жоопко тартуу дагы оңой-олтоң иш эмес да. Ал үчүн Соттордун тартип комиссиясына кайрылыш керек, анын үстүнө Жогорку соттун судьялары бул кызматта өмүр бою иштейт. Буларды эске алганда жоокерчилик иши кандай чечилиши мүмкүн?
- Албетте, менде жоопко тартылат деген толук ишеним жок. Азырынча аларды күнөөлүү деп айтууга дагы болбойт. Бирок бул иштин козголгону өзү жакшы бир жышаан, үмүт жаратууда. Буга чейин соттор эркин, калыс, көз карандысыз болмоюнча адилеттүү чечим чыгара албайт деген көз караштар болду. Экинчиден 2010-жылдан кийин сот тармагында бир топ реформа болду, аны танбашыбыз керек. Мисалы Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, ага жарандык коом дагы катышты. Бирок көпчүлүк соттор көз карандысыз деген сөздү “мен каалаганымды жасайм” дегендей түшүнүп алгандай сезилди. Соттор көз карандысыз, эркин болушу керек. Бирок аны аша чаап кетүүдөн сактаган тең салмактуулук дагы болушу шарт.
Булак: “Марал”, “Майдан.kg” гезити