×

Ошибка

Resource not found (12:44 min ago).


 

Кыргыз Республикасынын

Президенти С.Ш.Жээнбековго

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Мен буга чейин, Сиздин президенттик кызматка киришкенден кийинки Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында сүйлөгөн сөзүңүздөн кийин үмүт отуна байланып, көптөгөн жылдардан бери менин күйөөм – И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын маркум аппарат жетекчиси Абдукерим Гапаровду өлүмгө кириптер кылган Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматынын (АКС) айрым кызматкерлеринин эзүүсүнөн коргоо издеп, өзүңүзгө кайрылуу жолдогон болчумун. Ачыгын айтуум керек, менчелик бүгүнкү күндө адилеттүүлүктү самаган адам жок болсо керек, соттордон, укук коргоо, көзөмөл органдарынан көңүлүм көчкөн журттай калган. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш, сот акыйкаттуулугу, кызматын союлга айлантып алган коопсуздук органдардын кызматкерлери жөнүндө таасын, эл ичинде айтылып келе жаткан чындыкты ачык айтып чыкканыңыздан кийин, биздин көчөгө да майрам келе тургандай, төбөбүз көккө жетти!

 

Бирок, Сизге жолдогон катка жооп болбой, баары эскиче кала бергенден улам, ындыным өчө түшкөндөй болду. Ошол эле учурда, менин күйөөмдү кыйноого алып, “оперативдик иш-чара” жүргүзгөн АКСтин кызматкерлери сот тарабынан тийиштүү жазасын алгандын ордуна кызматтарынан жогорулап кеткени – адилеттүү заман орной электигинен кабар берип, кабыргамды кайыштырды. Медакадемиядагы чуулгандуу ишке түздөн-түз катышып, айыбы көрүнүп турса да, райондук сот актап жиберген АКСтин кызматкерлери Каныбек Досмамбетов менен Эльдар Жакыпбеков – УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын борбордук аппаратына бөлүм жетекчи болуп кызматтан өйдө көтөрүлүп кетишти, Алмаз Мусаев деген дагы бири АКСтин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Биз кайрылган, ишенген менен, чындыктын жолу минтип тебеленип олтурса, кимге ишенебиз?

 

Коопсуздук кеңеш жыйынында сиз булардын ишмердүүлүгүнө эң туура диагноз койгон болчусуз, себеби, укук коргоо, көзөмөл, сот органдары адам тагдырлары менен ойногон баш кесер желдеттердин гана ролун аткарып калышты, аларга чындык издеп кайрылган бей-бечаралар, карапайым эл-журттун шору кайнап келатканы кашкайган чындык. Кечээ жакында да, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен кезектеги жумушчу жыйын өткөрүп, кайра бул маселени көтөргөндөн кийин кайра үмүттөнө баштадык. Сиз: “Ар бир министрликте жана ведомстводо коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир чиновникти жекече текшергиле. Дагы бир жолу кайталайм - коррупцияга каршы күрөш кимдин кандай чини бар экенине жана кандай кызматты ээлегенине карабастан катуу жүргүзүлүшү керек. Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү иш-аракеттерди жана катуу чараларды күтүүдө. Бир да арыз, же кат көңүл сыртында калбашы керек. Ар бир жаранды кабыл алып, маселесин чечкиле. Мамлекеттик органдардын жоопторунда будамайлоо болбошу керек”,- деп айттыңыз. Демек, менин кезектеги кайрылуум да көңүл сыртында калбашына ишенем.

 

Эми иштин кыскача чоо-жайын кайталап өтөйүн: Менин күйөөм, өмүрлүк жолдошум, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров өз ишине кайдыгерлик, карасанатайлык менен мамиле кылган АКСтин кызматкерлеринин айынан өзүнүн иш кабинетинде каза тапкан. Сиздин деле бул окуядан кабарыңыз бар болсо керек, 2015-жылдын 25-февралында АКСтин ондон ашуун кызматкерлери Медакадемияга келип, Абдыкерим Гапаровду кабинетинен чыгарбай, ойдон чыгарылган айыпты мойнуна илүүгө аракет жасашкан. Жолдошумдун каза болушуна АКСтин кызматкерлеринин зордук-зомбулугу себепкер болгону кийимдеринин тытылгандыгынан, кагаздардын чачылганынан, денесиндеги көк-ала тактардан, эмеректердин сынгандыгынан көрүнүп эле турат. Ошондо кабинетинен түшүнүксүз үндөр чыккандыгы, күйөөмдүн жан соогалап кыйкыргандыгы Медакадемиянын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүндө таасын жазылып калган!

 

Кийин, АКСчилер күйөөмдү жаманатты кылыш үчүн - Медакадемиянын аймагына күркө коюп берүү үчүн кызыкдар жарандан 30 миң сом пара талап кылганын айтып чыгышты. Өмүр бою ак иштеп, таза жүргөн адамга мындай айыпты жабыштыра алышкан жок. Медакадемиянын жетекчилиги да мунун карандай калп экенин айтып чыкты го. Мамлекеттен миллиондогон сомдорду уурдаган адамдарга сылык-сыпаа мамиле жасашат, а булар ушул 30 миң сомдук пара үчүн эле  бүтүндөй чон топ болуп барып алыштыбы? Ким ишенет буга? Булардын максаттары башкада болгон, буга күйөөмдүн чөнтөгүндөгү жана сейфиндеги жолголгон акчалар да далил боло алат.

 

Менин күйөөмө карата негизсиз “рейддин” башында ал кездеги АКСтин жетекчиси Бөкөнбай Казаковдун тургандыгы анык (ал дагы кызмат алмаштырганына күбө болдук). Сот жоопкерчилигине үч эле АКСтин кызматкерлери тартылып жаткан: алар тергөөчү Замирбек Суваналиев, ошондой эле ошондо эшик тосуп турган Алмаз Мусаев жана Чыңгыз Айманбаев. Дагы 6 АКСтин кызматкеринин ишин мыйзамсыз түрдө өзүнчө жашыруун өндүрүшкө чыгарып иийшкен, алар: К.Досмамбетов, Д.Бектемиров, С.Карагулов, Э.Таалайбеков, М.Мукамбетов, М.Жакыпбеков. Бул аларды жазадан куткарып кетүүнүн эле айла-амалы болгон.

 

Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова айыпталып жаткан адамдардын жолдошумдун өлүмүнө тикелей күнөөсү бар экендигин далилдеген фактылардын бирин да эске алып койгон жок. Атайын экспертизаларда жолдошума карата күч колдонулганы, жүрөгү кармаганда медициналык жардам көрсөтүүгө далалат жасашпагандыгы, алар барган мезгилден күйөөмдүн өлүмү билингенге чейинки мезгил аралыгында кыйкырык, ызы-чуу орун алгандыгын сот көз жаздымда калтырды. Анткени, Кыргызстанда сот адилеттиги жок. Бишкек шаардык сотунда болсо, процесс учурда ордунан жылбай турат

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

 

Мен мурунку кайрылуумда да ар бир баскан кадамыбыздан коркуп жашап жатканыбызды айткам. Жогоруда аты аталып кеткен АКСчилер эмнеге жазалангандын ордуна, кызматынан көтөрүлүп жатышат? Алардын сиз койгон критерийлерге туура келбегенден кийин иштеп олтурууга моралдык акысы барбы? Эң негизгиси, Сизден, ушул адамдарды жоопкерчиликке тартып берүүнү талап кылабыз. Бул ирет кайрылуубуз көңүл сыртында калбай, дыкаттык менен караларынан үмүттөнөбүз, билем, президент катары убакыт табышыңыз кыйын, бирок, жеке кабыл алсаңыз, арыз-муңумду айтып берүүгө даярмын!

 

Терең урматым менен,

Абдыкерим Гапаровдун жубайы Асылкан Өнөрова, “Майдан.kg” гезити