2020-жылга чейинки Улуттук стратегиянын алкагында медициналык бөлүмдөрдү Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына берүү пландалууда. Буга байланыштуу ЖАМКнын медициналык Башкармалыгынын жетекчиси Назгүл Солтобекова кылмыш-аткаруу түзүмүн реформалоо боюнча кооридациялык кеңештин жыйынында билдирди.
"ЖАМКнын карамагындагы дарыгерлерди министрликке өткөрүү бул тармактагы кадрлардын жетишпестигине алып келет. Анткени, ички кызматтагы бардык медиктер погон тагынышат, ага ылайык, наамына жараша айлык акысына да кошумча төлөмдөр карадат. Эгер ЖАМКнын медициналык Башкармалыгын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүшсө, анда 5 миң сомго бир да дарыгер абактарга келип иштешпейт. Ким бул акчага абакка баргысы келсин?" - деди Солтобаева.