УКМК ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиевге карата ачылган кылмыш ишин токтотту. Мурдагы министр 2010-жылдын 7-апрелиндеги ок атууга катыштыгы бар деп айыпталган.
Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, 2018-жылдын 8-февралында болгон коопсуздук Кеңешинин жарлыгы кылмыш ишинин токтотулушуна өбөлгө болду.
"Жаң бийлик айыптоону обьективдүү талдап көрүп, ишти токтотту. Конгантиевди революцияга бир күн калганда маалымат жыйынындагы айткан сөзү үчүн гана айыпташкан. Ошол билдирүүсү кийинки күнү октун атылышын шарттады дешкен. Иш ак жип менен тигилгени айкын көрүнүп турган. Мурдагы бийлик Курманбек Бакиевге жана аны менен байланышы барларга бардык айыпты төңкөрүү саясатын жүргүзгөн", - дейт адвокат.
Эске салсак, аталган маалымат жыйынында ИИМдин ошол кездеги министри көтөрүлүш жасагандарга катаал чара колдонулаарын билдирген болчу.