2018-жылдын 4-июлунда саат 20:30да Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Жаштык айылында жайгашкан май куючу станциядан өрт чыккан.
Жерине КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу, КР ӨКМнин №108 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм ИИМден 30 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада жана өз ара кызматтыштыктын алкагында Тажик Республикасынан жакын жайгашкан районунан 3 бөлүм тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 22:40да чектөөгө алынып, саат 05:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн кесепетинен 1 май куючу станция толугу менен күйүп, 1 май куючу станциянын кеңсеси күйгөн жана 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйгөн. Мындан сырткары өрттөн 4 адам жабыркаган (1 кыргыз, 3 тажик жараны). Өрттөн жабыркаган кыргыз жараны (1963-ж.т. Т.Б. эркек киши) Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылган.
Ал эми тажик жарандарын өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен.
Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.