2018-жылдын 4-июль күнү  саат 10:47 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

 

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Ош шаардык №12 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 1 бөлүм, саат 10:50дө №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 10:53тө №13 АӨКБдан 1 бөлүм  тартылган. Жалпы 3 бөлүм тартылып саат 11:05те өрт чектөөгө алынып, өрт саат 11:38де толук өчүрүлгөн.