2017-жылдын октбярь айында Памирден көчүрүлүп келип, Нарынга отурукташкан памирлик кыргыздардын айрымдары бүгүн Ооганстанга жөнөп кетишти.
Бул тууралуу Нарын облусунун губернаторунун орун басары Жаркын Ибраева маалымдады.
Анын айтымында, 18 адам сапарга чыгып, алардын арасында эки үй-бүлө жана Нарын шаарындагы кесиптик лицей менен орто мектепте окуп жаткан балдар бар. Бирок, боордоштор биротоло кетпегенин орун басар баса белгиледи. Алар Памирде калган туугандары менен уурашып, сагынычын таркатып, кайра күзүндө Кыргызстанга келип калышат.
Эске салсак, памирлик кыргыздар кайра жердеген жерине кете тургандыктарын айтышып, аны а өкмөт тарабынан көңүл буруу болбогонуна байланыштырышкан. Нарынга келген памирликтер өкмөт жер берип, үй салып берсе кала турганыктарын белгилешкен. Депутат Жанар Акаев да памирликтердин кетүүгө камданып жатканын айтып, бул үчүн өкмөттү күнөөлөгөн.