КР өкмөтүнүн аалдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Мээрбек Мискенбаевдин билдирүүсү чындыкка туура келбей тургандыгын жар салды. Мекеменин маалыматына караганда, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде эч кандай саясий боек жок.
Анда айтылгандай “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулова аталган бирикменин жетекчилигине карата арызданган. Ага дейре, 2016-жылдын июнь айында да “Айкөл Ала-Тоонун” мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын аталган коомдук бирикменин жетекчиси мыйзамсыз ыйгарып алгандыгы жөнүндө арыз жазылган. Бирок, анда белгисиз себептерден улам кылмыш иши козголгон эмес.
Ал эми Мээрбек Мискенбаев бул кылмыш иши тууралуу башкача пикирин билдирген. Ал март айында президенттин иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырбаса үй-бүлөлүк башкарууга айланып кетээрин жарыялаган болчу. Так ушул сунушунун айынан кылмыш иши козголду деп баалаган экс-депутат.