Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. Маалыматка караганда,  7-9-июлда өлкө аймагында аба ырайы кургак жана абдан ысык болот.

 

 

Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40º;  Тоо этектеринде 31…36°;  Суусамыр өрөөнүндө 30…35º;  Ысык-Көл аймагында  27…32°; Ысык-Көл аймагынын  чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º;  Тоолуу райондордо 21…26;  Бийик тоолордо 15…20º ге жетет. 

 

"Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда ысык өткөрүп алуудан сактаныш үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат", -  деп эскертет  ӨКМ.